Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №226/44-7
“Кара-Көл шаардык аксакалдарсотунун 2019-жылдын 4- кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2019-жылдын 4-кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун төрагасынын орун басары С.Анашовдун маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2019-жылдын 4-кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун төрагасынын орун басары С.Анашовдун маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотуна түшкөн даттануу, арыздарды мыйзам чегиндеги мөөнөттөн кечиктирбестен убагында кароо милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл шаардык аксакалдар соту шаардык кеңештин 28.04.2018-жылдагы №76/16-7 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаардык аксакалдар соттору жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык аксакалдар сотуна (С.Анашов), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |