Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №227/44-7
“Кара-Көл шаардык аксакалдаркеңешинин 2019-жылдажана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин 2019-жылда жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аксакалдар кеңешинин төрагасы К.Көлбаевдин маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин 2019-жылда жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аксакалдар кеңешинин төрагасы К.Көлбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык аксакалдар кеңешине (К.Көлбаев), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |