Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №228/44-7
“Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2019-жылдын 4- кварталында жана 2020-жылдын9 айында аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2019-жылдын 4-кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымы Р.А.Абытканованын отчетун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2019-жылдын 4-кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымы Р.А.Абытканованын отчету жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2019-жылда жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымы Р.Абытканованын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Кара-Көл щаардык аялдар кеңеши шаардык кеңештин 24.04.2015-жылдагы №67/19-5 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын аялдар кеңеши жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык аялдар кеңешине (Р.А.Абытканова), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |