Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №229/44-7
“Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 4- кварталында 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө ”
Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 4-кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө жаштар кеңешинин төрагасы Н.Т.Кармышовдун отчету жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 4- кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө жаштар кеңешинин төрагасы Н.Т.Кармышовдун отчету жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 4-кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө жаштар кеңешинин төрагасы Н.Т.Кармышовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), шаардык жаштар кеңешине (Н.Т.Кармышов), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |