Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №230/44-7
“Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери боюнча 1 жылдык маалыматы жөнүндө”
Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), социалдык өнүгүү башкармалыгына (Ч.Э.Тургунбаева), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |