Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 233/44-7
“Ж.Ж.Оруновага “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Жамила Жаныбековна Оруновага “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана Ж.Ж.Орунованын Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын эске алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Жамила Жаныбековна Оруновага шаардын жогорку “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө Ж.Ж.Оруновага “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамынын күбөлүгүн, грамотасын жана төш белгисин салтанаттуу тапшырууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |