Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №235/44-7
“Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаарыбыздын калкын тейлөөдө стационардык 100 койка, 4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ), 2 ФАП бар. Хирургия бөлүмүндө 32 анын ичинде хирургиялык профилде 14, травматологияда 10, гинекология бөлүмүндө 8, терапия бөлүмүндө 27 анын ичинде терапиялык профилде 15, неврология бөлүмүндө 12, балдар бөлүмүндө 12, инфекция бөлүмүндө 15, төрөт бөлүмүндө 14 койка. Күндүзгү стационарда терапиялык профилде 10 койка.
2019-жылда ЖДПБда врачтар штат боюнча бекитилген 61,75 иштеп жатканы 39, медсестралар штат боюнча 155 иштеп жатканы 131, кичи персоналдар штат боюнча 64,25 иштеп жатканы 57.
Жалпы дарыгерлер практикалоо борбору тейлеген калктын саны :
-ҮДТ (ГСВ) №1 2019-ж 8937 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №2 2019-ж 7459 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №3 2019-ж 5391 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №4 2019-ж 1780 киши.
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын “Ден соолук-2020” улуттук программасынын негизинде иш алып барат. Кургак учукка, ВИЧ СПИДге, вирустук гепатитке каршы калк арасында профилактикалык негизде иш-чаралар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. ЖДПБнун дарыгерлери тарабынан 2019-жылы кургак учукка каршы 1 айлык иш-чара жарыяланып, мектептерде, мекеме-ишканаларда, университетте лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
ЖДПБда медициналык кызматкерлер арасында ай сайын бейтаптарды сапаттуу тейлөө, врачтар тарабынан көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү өз убагында аткаруу, бейтаптар арасында сапаттуу иш-чараларды жүргүзүү жана тааныштыруу иштери боюнча семинар окуулар өткөрүлүп турат.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |