Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №237/44-7
“Кара-Көл шаарынын калктуу конушунун чегиндегиКайыңды карьеринин үстү жагындагы суу жээгинен балык чарба курууга убактылуу пайдаланууга жербөлүп берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын тургуну жеке ишкер Бектурган уулу Нурландын Кара-Көл шаарынын калктуу конушунун чегиндеги Кайыңды карьеринин үстү жагындагы суу жээгинен балык чарба курууга убактылуу пайдаланууга жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарынын тургуну жеке ишкер Бектурган уулу Нурландын Кара-Көл шаарынын калктуу конушунун чегиндеги Кайыңды карьеринин үстү жагындагы суу жээгинен балык чарба курууга убактылуу пайдаланууга жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусу жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын калктуу конушунун чегиндеги Кайыңды карьеринин үстү жагындагы суу жээгинен балык чарба курууга жеке ишкер Бектурган уулу Нурланга убактылуу пайдаланууга мыйзам чегинде жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгы жеке ишкер Бектурган уулу Нурлан менен түзгөн келишимге 8 айдын ичинде иш баштоо сунушун киргизсин. Келишим түзүлгөндөн кийин 8 ай ичинде иш башталбаса, бул токтом күчүн жоготту деп табылсын жана түзүлгөн келишим жокко чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэрияга ( И.М.Еркеев), Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Курамаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |