Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №238/44-7
“Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин3 сааттык кыска мөөнөттүү 2 бала бакча ачуу боюнча кайрылуусу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 3 саатык кыска мөөнөттүү 2 бала бакча ачуу жөнүндө кайрылуусун, бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарында жана Кетмен-Төбө айылында 3 сааттык кыска мөөнөттүү эки бала бакча ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна катышууга Кара-Көл шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Жаңы ачыла турган бала бакчалардын имараттарынын эксплуатациялык жана тейлөө кызматтары үчүн чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоого макулдук берилсин.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |