Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №239/44-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж.№203/40-7 сандуу токтомунун №3 тиркемесинежана 27.07.2020-ж. №208/41-7 сандуу токтомунун№1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү, толуктоолордукиргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Э.Э.Бабакановдун 13.11.2020-ж. №05-2/4265 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж. №203/40-7 сандуу токтомунун №3 тиркемесинин 14-позициясында Канат, Ак-Кыя 2,1, Төш-Мазар, Кулданбаев 1,2, Ак-Таш, Чоң-Таш көчөлөрүнө таза суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн кызмат акысы жана экспертизадан өткөрүүгө каралган 1 000,0миң сом, 27.07.2020-ж. №208/41-7 сандуу токтомунун №1 тиркемесинде “Кайыңды” эс алуу лагеринин имаратынын №1,2 бөлүгүн капиталдык ремонттоо иштерин жүргүзүүгө каралган 2 742,9миң сом, шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн иш чараларына бекитилген 450,0миң сом (1000,0+2742,9+450,0) 4192,9миң сомдун эсебинен шаардык мэриянын чатырын ремонттоого сметалык баасы 2558,1миң сом, Бекташ көчөсүндөгү спорт комплексинин курулушу аяктап калгандыгына байланыштуу 1339,2миң сомду ордуна коюуга, Канат, Ак-Кыя 2,1, Төш-Мазар, Кулданбаев 1,2, Ак-Таш, Чоң-Таш көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн даярдалган ПСДларын экспертизадан өткөрүүгө 50,0миң сом жалпы (2558,1+1339,2+50,0) 3947,3миң сом акча каражатын ШММБнын тиешелүү беренелерине жылдыруу, тактоо (уточнение) киргизүү жолу менен тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), ШММБна (М.С.Курамаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |
Тиркеме 1 | ||||||
Бекитилди: | ||||||
Кара-Көл шаардык кеңештин | ||||||
02.12.2020-ж. №239/44-7 сандуу токтому менен | ||||||
Кара-Көл шаардык мэриянын 2020-жылга социалдык-экономикалык | ||||||
программасы же "Өнүгүү бюджетинин" иш планынын | ||||||
Р Е Е С Т Р И | ||||||
№ п/п | Мекеменин аталышы | Иш планынын аталышы | Болжолдуу сметалык баалары (сом) | Эскертме | ||
0 | 1 | 2 | 3 | 4 | ||
1 | ШММБ | Бекташ көчөсүндөгү спорт комплексинин курулушун улантуу (10138,1+1 339,2) | 11 477300 |
| ||
2 | Мэрия | "Келечек" балдар бакчасына капиталдык оңдоп,түзөө иштерин жүргүзүү | 731 600 | Дем берүүчү гранттын үлүшү | ||
3 | Мэрия | "Энергетик" стадионунда оңдоп, түздөө иштерин жүргүзүү | 4 433300 | Дем берүүчү гранттын үлүшү | ||
4 | ШММБ | Шаардык мэриянын имаратынын чатырын жабууга | 2 558100 | |||
|
| Б А Р Д Ы Г Ы | 19 200300 |
| ||
Аппарат жетекчи Нурматова К.И. | ||||||
| ||||||