Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №210/42-7
“Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету”
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башкы эсепчиси А.Э.Чокоевдин жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчетун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башкы эсепчиси А.Э.Чокоевдин жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин башкы эсепчиси А.Э.Чокоевдин жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдраимов) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдраимов) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |