Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №212/42-7
“Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө ”
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси К.К.Өмүржанованын Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү 2019-жылы календардык планга ылайык шаардык-11, областтык-2, республикалык-18, эл аралык-14, Азиялык -1, дүйнөлүк -1 жалпы 47 мелдешке шаардын 1100дөн ашык жаш, 30дан ашык ардагер спортчулары катышкан.
Шаарыбыздын аймагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата мелдештердин Жоболору бекитилип, 2019-жыл ичинде бекитилген календарлык планга ылайык, спорттук иш чаралар өткөрүлгөн. 2019-жылдын жыйынтыгы менен жалпы спорттук мелдештерде шаардын спортчулары төмөнкү ийгиликтерге жетишкен.
1-орун 25 алтын медаль;
2-орун 20 күмүш медаль;
3-орун 33 коло медаль
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси К.К.Өмүржанованын Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө (Д.М.Алымбаев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |