Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №213/42-7
“Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөрспорт мектебинин (ДЮСШ) 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору С.Э.Дуйшебаеванын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXХII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттун 8 түрү боюнча балдар машыгат. Баскетбол, волейбол, эркин күрөш, футбол, тогуз-коргоол, бокс, ордо, кыргыз күрөш. Жалпы 19 адам эмгектенет, машыктыруучулар -13, анын ичинен жогорку билимдүү 10, атайын орто-2, орто-1. Аталган спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерге балдар катышып, татыктуу орундарды алышкан.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору С.Э.Дуйшебаеванын 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы, эске алынсын.
2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |