Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №214/42-7
“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн2019-жылда аткарган иштери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы А.А.Чаргыновдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXХII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаарында 297 мекеме-ишканалар катталган, анын ичинен 66сы мамлекеттик мекемелер болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2012-ж. №87 сандуу токтомунун негизинде мекеме ишканаларды өрт коопсуздугу боюнча деталдык-текшерүү токтотулган. Бардык көзөмөл текшерүү жумуштары КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Экотехинспекциясына өткөрүлүп берилген. Бирок мекеме- ишканаларда өрттүн алдын алуу боюнча инструкциялар, лекциялар окулуп, агитация пропагандалык иштери жүргүзүлүп келет.
2019-жыл ичинде Кара-Көл шаарында жалпы 29 өрт кырсыгы катталган, чыгымы 12 714 974 сомду түзгөн. Эл арасында өрт коопсуздугу боюнча лекциялар окулуп, үгүт-насаат иштери жүргүзүлгөн. Шаардын аймагында 83 гидрант бар, анын ичинен 13 гидрант бузулган иштебейт. Шаардык ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан суу гидранттары текшерүүдөн өткөрүлгөн, ар бир гидрантка паспорттор жасалган, иштебеген гидранттарга актылар түзүлүп мемкеме ишканаларга каттар жөнөтүлгөн. Өрт өчүрүүчү 3 көлмө бар, алардын бардыгы бузулган абалда. Мындай жетишсиздик өрт өчүрүүдө кызматкерлерге тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Кара-Көл шаардык ӨК бөлүмүндө өрт-куткаруу кызматы боюнча 2019-жыл ичинде катталган кырсыктар. Жол кырсыгы -13, жаракат алгандар -23, каза болгондор -3. Ар кандай себептер менен чыгуулар -6, каза болгондор -3.
Жарандык коргонуу боюнча “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан 2019-жылга кооптуу аймактардын алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынан 2 обьект киргизилип, аларды аткарууга 2120 литр күйүүчү май бөлүнгөн.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы А.А.Чаргыновдун 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |