Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №215/42-7
“Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2019-2020-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиеванын 2019-2020-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардык билим берүү бөлүмүндө бүгүнкү күндө 1 мектеп-гимназиясы, 1 инновациялык, 4 орто мектеп, 2 башталгыч мектеби бар. Мектепке чейинки 3 мекеме, 2 мектептен тышкары мекеме, 1 окуу-усулдук кабинет бар.
2019-2020-окуу жылында 190 класс-комплектиде 5242 окуучу, (башталгыч билим берүү баскычында 95 класс-комплектисинде 2685, негизги билим берүүчү баскычында 77 класс-комплектисинде 2151, орто билим берүүчү баскычында 18 класс-комплектисинде 406) билим алышат.
Мектепке чейинки 3 мекеме- “Келечек”, “Байчечекей” жана “Баластан” балдар бакчаларында жалпы 736 бала тарбияланат.
Мектептен тышкаркы 2 мекемеде БЧҮ (балдар чыгармачылык үйүндө) 17 кружокто 945 окуучу жана БӨСМ (балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде) 25 группада 411 бала тарбияланат.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы 13 билим берүү мекемелеринде, бүгүнкү күндө 513 мугалим жана техникалык кызматкерлер эмгектенүүдө. Анын ичинен жогорку билимдүүсү -271, бүтпөгөн жогорку -12, атайын орто-71, орто билимдүүсү-11. Билим берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси 71 мугалим.
Бүгүнкү күндө жетишпеген педагогикалык кадрлардын саны -8, башталгыч орус класстардын мугалими-2, математика-2 орус класстарга, орус тил -1 орус класстарга, тарых-1 орус класстарга, музыка-1 орус класстарга, эмгек-1 орус класстарга.
Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 94%ыз, ал эми окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 92%ыз китеп менен камсыз болгон. Окуу китептеринин 70%ызы 2000-2007-жылдары чыгарылган. Башталгыч орус класстарында орус тили жана адабияты, математика, мекен таануу, кыргыз тили жана адабияты, англис тили, 6-класстар үчүн орус тили окуу китептери жетишпейт.
2019-2020-окуу жылында 1-4-класстардын шашке тамагын уюштуруу боюнча квартал сайын тендер ойнотулуп, азык-түлүк убагында камсыз болуп турат жана жоопкерчилик ар бир мектептин жетекчисине жүктөлгөн.
Кара-Көл шаардык БББмү усулдук иш-чараларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыгарылган буйруктардын негизинде алып барат. Шаардык, областтык, предметтик семинарлар өткөрүлүп турат.
Кара-Көл шаардык билим берүү мекемелеринде 2020-жылдын 8-апрелинен тартып
4-чейрек окуучулар аралыктан окутулду. Дистанттык окутууга, кайра окуучулар менен кайтарым байланыш түзүүгө сабактар башталганга чейин бир топ даярдыктар көрүлгөн. Ар бир окуучунун абалы анализденип, телефон, сыналгы менен камсыздалган. Жетишпеген үй-бүлөлөргө мектептер тарабынан 6 үй-бүлөгө убактылуу телевизорлор берилген.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2019-2020-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан окуучулардын билим сапатын жогорулатуу иштери күчөтүлсүн.
3. Шаардык билим берүү бөлүмү Көк-Бел, Оот, Чоң-Таш айылындагы аралыктан окуп жаткан окуучулардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүү үчүн, ата-энелери менен биргеликте иш-чара иштеп чыгып, иш жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), ШБББнө (А.Б.Мырзалиева), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |