Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №216/42-7
“Кара –Көл шаарында үйлөнүү жана маараке тойлорду, улуттук каада-салттарды , сөөк коюу ырым-жырымдарын тартипке салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”
Кара-Көл шаарындагы улуттар аралык каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Акыркы жылдары эл ичинде бири-бирине атандашып, төгүлүп-чачылып ысырап той өткөргөндөр жана сөөк коюуда ашыкча ыгым-чыгымдарга жол бергендер көбөйүп кетти. Колунда жоктор да элден калбоо аракетинде кредит алып, карызга батып жатышат.
Тойлор кеч башталып, кеч бүткөндүгүнө байланыштуу шаар тургундарынын түнкү эс алуу укуктары бузулууда.
Тойлордо тамадалар ар кандай улуттук каада-салтка туура келбеген оюндарды өткөрүшүүдө.
Ар кандай салтанаттардын түрү көбөйүп кетти. Ашыкча ысырапкерчиликке жол берилүүдө.
Кара-Көл шаарында үйлөнүү жана маараке тойлорду, улуттук каада-салттарды, сөөк коюу ырым-жырымдарын тартипке салуу жөнүндө Кара-Көл шаарындагы улуттар аралык каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиянын сунушу 2019-жылдын 9-13-декабрларында өткөн шаардык кеңештин депутаттары менен шайлоочулардын жолугушуусунда талкууга салынды. Сунуштар талкууга катышкандардын колдоосуна ээ болду.
Жогорудагылардын негизинде шаар ичинде ысырапкерчиликтин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын “ Өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктун жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарында үйлөнүү үлпөттөрүн, маараке тойлорду, улуттук каада-салттарды, сөөк коюу ырым-жырымдарын тартипке салуу жөнүндө жобо бекитилсин. ( тиркелет)
2. Кара-Көл шаарындагы улуттар аралык каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиянын жободо белгиленген чектөөлөр боюнча шаар тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом менен бекитилген жобонун шарттарын бузгандарга чара көрүү
4. Кара-Көл шаардык мэриянын бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал бүткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарындагы улуттар аралык каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиясына (С.У.Токтогулов), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |
Кара-Көл шаардык кеңешинин
22.09.2020-жылдагы №216/42-7
токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаарында үйлөнүү үлпөттөрүн, маараке тойлорду, улуттук каада-салттарды, сөөк коюу ырым-жырымдарын жана майрамдык салтанаттарды тартипке салуу жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
1.1.Кара-Көл шаарында үйлөнүү үлпөттөрүн, маараке тойлорду, улуттук каада-салттарды сөөк коюу ырым-жырымдарын тартипке салуу жөнүндө жобо Кара-Көл шаарында ашыкча чыгым, ысырапкерчиликке бөгөт коюу жана сарамжал жашоону үгүттөө максатында түзүлдү.
1.2. Бул жободогу тартип Кара-Көл шаарынын аймагына жайылтылат жана бул тартипти шаар аймагындагы бардык жашоочулар жана мекеме- уюмдар, ишканалар аткарууга милдеттүү.
1.3. Аш-тойлордо, өлүм- житимдерде бири-бирине кийит кийгизүүгө тыюу салынат.
1.4. Кафелерде кечки тойлорду өткөрүүдө 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн иштөө убактысы ата-энесинин макулдугу менен 3,5 сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн иштөө убактысы 5 сааттан ашпоого тийиш. Ошондой эле алардын түнкү мезгилде иштөөсүнө тыюу салынат. Түнкү мезгил саат 22: 00дөн кийин башталат.
1.5. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык мамлекетке тиешелүү майрамдарды, мамлекеттик уюмдардын, министрликтердин, ведомстволордун, агенттиктердин түзүлгөн даталарын жана кесиптик майрамдарды белгилөө, мамлекетке жана коомго эмгеги сиңген ишмерлердин юбилейлерин, эскерүү күндөрүн майрамдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Үйлөнүү үлпөттөрүн, маараке тойлорду, улуттук каада-салттарды, сөөк коюу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
2.1. Кара-Көл шаарында үйлөнүү үлпөттөрү, маараке тойлор, улуттук каада-салттар төмөндөгү тартипте өткөрүлөт:
а) үйлөнүү тойлору боюнча:
- той кечки саат 18-00 дөн кечиктирилбестен башталууга жана түнкү саат 23-00 дө бүтүүгө тийиш ;
-тойго чакырылган коноктордун саны чектелбейт, бирок ысырапкерчиликсиз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүү сунушталат;
- үйлөнүү тоюн алып баруучуга улуттук каада-салттарга туура келбеген маданиятсыз оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынат ;
- тойду алып барууда алып баруучуга жарандын билимин, талантын, жакшы сапаттарын көрсөткөн жана улуттук каада-салттарды, мекенчилдик, логикалык ой жүгүртүүнү чагылдырган оюн-зоокторду уюштуруу сунушталат;
- жаш жубайлардын нике каттоо жана башка иш-чараларына (сейилдөөгө чыгууга) колдонгон автоунаанын саны 5тен ашпоого тийиш.
б) кыз узатуу аземи боюнча:
- кыз узатуу тою үйдө өткөрүлөт жана элдин батасы менен күндүзү узатылат;
-үй шартына жараша кафеде өткөрүүнү каалагандар үчүн кафеде өткөрүүгө тыюу салынбайт, ашыкча ысырапкерчиликсиз күндүзү саат 18 -00 чейин өткөрүлөт;
в) юбилейлик тойлор боюнча:
- атаандашуусуз, ысырапкерчиликсиз аз сандагы конокторду чакыруу менен үйдө өткөрүү сунушталат;
- кафеде өткөрүүгө тыюу салынбайт, бирок коноктордун саны 200дөн ашпоого тийиш;
- той кечки саат 18-00дөн кечиктирилбестен башталууга жана түнкү саат 23-00дө бүтүүгө тийиш.
г) сүннөт той, тушоо той, жээнтек той жана башка майда салттуу тойлор боюнча:
- тойлорду үйдө чакан чөйрө менен өткөрүү колдоого алынат;
-кафеде өткөрүүгө тыюу салынбайт, бирок күндүзү саат 18-00 чейинки аралыкта өткөрүлүүгө тийиш.
д) ажылыкка узатуу жана келгенде тосуп алуу боюнча:
- ажыга узатуу жана тосуп алуу боюнча иш-чаралар үй-бүлөдө өткөрүлөт;
-ажылыкка барып келгендигине байланыштуу 2 майда жандык союу менен конокторун чакырууга болот жана андан ашык ысырапкерчиликке жол берүүгө тыюу салынат.
ж) салтта жок шаан-шөкөттөрдү өткөрүү боюнча:
-мамлекеттик мекеме-уюмдардын ичинде ар кандай багыттагы ( класстык чен, наам, мамлекеттик сыйлык, кесиптик даража, алгандыгына байланышкан иш-чаралар, кесиптик күнгө байланышкан расмий кабыл алуулар) банкеттерди уюштурууга, спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынат;
2.2.Сөөк коюу ырым-жырымдарын өткөрүү төмөндөгү тартипте өткөрүлөт :
- дасторкон жаюуга жана ысырапкерчиликке жол берилбейт;
-шариатта пайгамбарыбыз көрсөткөндөй маркумду узатууда сөөк чыккан жерде 3 күн тамак ичилбейт. Алыстан келген меймандар, куда-сөөктөр үчүн чакан союш союлуп, аларды узатуу түшүнүгүн элге жеткирүү жана ишке ашырууга аракет кылынат;
-сөөк коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө, куюуга, мас абалда келүүгө, жүрүүгө тыюу салынат;
-сөөк коюуда, аза күтүүдө келгендерди конок алып сыйлоого, ошондой эле акча же буюмдарды берүүгө, ырымдап сандык ачууга, “ тон жапты”, “ жыртыш” сыяктуу ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынат;
-маркумду акыркы сапарга узатууга келгендердин санына чек коюлбайт;
- бейшембилик, кырк күн, элүү күн, жылдык өткөрүлбөйт;
- мүмкүнчүлүгүнө, шартына жараша каалаган учурда эхсан* (маркумга куран окутуу) өткөрүүгө болот;
- маркумга катмы окутууга тыюу салынбайт, катмыга келгендердин санына чек коюлбайт, бирок катмы окууга отургандардын саны жыйырмадан ашпоого тийиш;
- аза күткөн, кайгыга кабылган, жакырланган жетим-жесир абалдагы муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерди уюштуруу, акча каражат, азык-оокат жагынан жардамдарды берүү колдоого алынат;
- мүрзөгө эстелик тургузулбайт.
3.Жобону аткаруу боюнча иш-чаралар
3.1. Жобонун талаптарын аткарууну көзөмөлгө алуучу органдар:
-Кара-Көл шаарынын ардагерлер кеңешинин каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиясы;
- шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери.
Кара-Көл шаарындагы каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиясынын саны жана курамы шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Шаардык кеңеш комиссиянын мүчөлөрүнө белгиленген үлгүдө күбөлүк берет. Күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана өлчөмү ушул жобонун аягындагы тиркемеге ылайык даярдалат.
Кара-Көл шаарындагы каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиясы жободогу талаптардын аткарылышын жана сакталышын камсыз кылуу боюнча иш пландарды иштеп чыгат. Иш пландарына ылайык жободо белгиленген тартиптерди сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, жободогу талаптарды сактоого үгүттөйт жана тартиптердин сакталышына көзөмөл жүргүзөт .
Кара-Көл шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жобонун мыйзам чегинде аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзөт. Кафеде иштеп жаткан жаштардын жаш курагын көзөмөлгө алат. Бул маселе боюнча мыйзамдын аткарылышын камсыз кылат. Кафелердин белгиленген мөөнөттө жабылышын камсыз кылат.
3.2. Жобонун тартиптери бузулган учурларды байкаган ар бир жаран, Кара-Көл шаарындагы каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиясынын ар бир мүчөсү, ырым –жырым комиссиясынын төрагасына телефон аркылуу маалымдайт. Бул маалымат боюнча Кара-Көл шаарындагы каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиясынын 3 мүчөсү тартип бузулуп жаткан жерге барат жана тартип бузулуп жаткандыгы жөнүндө акт түзөт. Чара көрүү боюнча акты Кара-Көл шаардык мэриянын бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына өткөрүлүп берилет .
3.3. Кафелер кечки саат 23-00дө жабылууга тийиш. Кафе ээлери той өткөрүүчүлөрдөн тапшырык алып жатканда, той канчада башталып, канчада бүтөрү жөнүндө эскертет жана кафенин белгиленген мөөнөттө жабылышын камсыз кылат. Эгерде кафелер 23-00дө жабылбаса, анда кафе ээлерине да мыйзам чегинде чара көрүлөт.
4.Жобого өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
4.1. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуштары Кара-Көл шаарынын ардагерлер кеңешинин каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссиясынын жыйналышында каралып, топтоштурулат жана шаардык кеңештин сессиясына сунушталат. Сессиянын токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Түшүндүрмө: Эксан- маркумга куран окутуу, . Ал кырк күнгө, жылга жана башкаларга байланбайт. Каалаган учурда, мүмкүнчүлүгү жеткенде карыз албастан өткөрүлөт. Карыз алып окутулган курандын сообу тийбейт.
Кара-Көл шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси К.И.Нурматова