Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №217/42-7
“Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында 2019-жыл ичинде аткарылганиш-чаралары жөнүндө”
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын коомдук-коопсуздук кызматы боюнча орун басары О.Т.Боронбаевдын шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында 2019-жыл ичинде аткарылган иш-чаралары жөнүндө маалыматын, шаардык кеңештин мандат, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын коомдук-коопсуздук кызматы боюнча орун басары О.Т.Боронбаевдын шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында 2019-жыл ичинде аткарылган иш-чаралары жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү (А.А.Нусубалиев), шаардык билим берүү бөлүмү (А.Б.Мырзалиева), шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри (Г.О.Сатарова) коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында иштерди күчөтсүн.
3. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү (А.А.Нусубалиев), шаардык билим берүү бөлүмү (А.Б.Мырзалиева), шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри (Г.О.Сатарова) саат 21-00дөн кийин кафелерде, көчөлөрдө жүрбөө боюнча балдар жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана тартип бузган балдарга чара көрүү боюнча иш-чара иштеп чыксын.
4. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү (А.А.Нусубалиев) мектептин, бала бакчалардын жанына, кооптуу жерлерге МАИ кызматкерлерин тургузуп, балдардын коопсуздугун жана шаар ичиндеги жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чара иштеп чыксын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), шаардык ички иштер бөлүмүнө (А.А.Нусубалиев), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |