Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-сентябры №218/42-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-жылдагы № 43/9-7 токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-жылдагы № 43/9-7 токтомунун тиркемесинне төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- тиркеменин 2-абзацындагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы Дуйшалыев Асхат Дуйшалыевичтин ордуна Мадиев Артыкбек Чилпакович;
-тиркеменин 3-абзацындагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы Атагараев Узакжан Мамадилдеевичтин ордуна Джуматаев Талайбек Оматбекович.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратына, көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |