Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-июлу №208/41-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж. №204/40-7 сандуу токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Э.Э.Бабакановдун 10.07.2020-ж. чыгыш №05-21/2833 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, жана шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.04.2020-ж. №204/40-7 сандуу токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип ушул токтомдун тиркемесиндеги редакцияда берилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |
Тиркеме 1 | ||||||
«Бекитилди» | ||||||
Кара-Көл шаардык кеңештин | ||||||
27.07.2020-ж. №208/41-7 сандуу токтому менен | ||||||
Кара-Көл шаардык мэриянын 2020-жылга социалдык-экономикалык | ||||||
программасы же "Өнүгүү бюджетинин" иш планынын | ||||||
Р Е Е С Т Р И | ||||||
№ п/п | Мекеменин аталышы | Иш планынын аталышы | Болжолдуу сметалык баалары (сом) | Эскертме | ||
0 | 1 | 2 | 3 | 4 | ||
1 | ШММБ | Бекташ көчөсүндөгү спорт комплексинин курулушун улантуу (11477,3-1 239,2) | 10 238 100,0 |
| ||
2 | Мэрия | "Келечек" балдар бакчасына капиталдык оңдоп,түзөө иштерин жүргүзүү | 731 600,0 | Дем берүүчү гранттын үлүшү | ||
3 | Мэрия | "Энергетик" стадионунда оңдоп, түздөө иштерин жүргүзүү | 4 333 300,0 | Дем берүүчү гранттын үлүшү | ||
4 | Мэрия | "Кайыңды” эс алуу лагеринин имаратынын 1-2-бөлүгүн капиталдык ремонттоо иштерин жүргүзүү: 4.1.Бекташ көчөсүндөгү спорткомплексин курулушун улантуу (11 477,3-10 238,1) 1239,2миң сом; 4.2.ШБББнүн тамак-ашка (3 335,0-2 623,3) 711,7миң сом; 4.3."Кайыңды" балдар эс алуу борбору 792,0миң сом | 2 742 900,0 | Дем берүүчү гранттын үлүшү | ||
|
| Б А Р Д Ы Г Ы | 18 045 900,0 |
| ||
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Нурматова К.И. | ||||||
| ||||||