Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 3
«Таштандыларды таштанды таштоочу жайга жайгаштыруу жана сайлардын жээктерин бекемдөө үчүн LONKING үлгүсүндөгү фронталдык жүктөгүч сатып алуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таштандыларды таштанды таштоочу жайга жайгаштыруу жана сайлардын жээктерин бекемдөө үчүн LONKING үлгүсүндөгү фронталдык жүктөгүч
сатып алуу жөнүндөгү» долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүп берүү үчүн Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруу учун Масы айыл окмотунун бюджетинен өздүк салымы үчүн 400 000 (төрт жүз мин) сом каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |