Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 4
Богот айылынын тургуну Исмаилов Камилжандын арызын кароо жөнүндө
Богот айылынын тургуну Исмаилов Камилжан 2019-жылдан март айында оорунун айынан оң бутун тизесинен кестирип 2 топтогу майып болгон, протез бут салууга акча каражатынан жардам сураган арызын угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Богот айылынын тургуну К.Исмаиловдун арызы эске алынсын.
2. Богот айылынын тургуну Исмаилов Камилжандын бутуна операция жасатып протез салдыруу үчүн 10 000 (он миң) сом Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |