Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 1
«Богот айылынын тургуну Разак кызы Гулзина,А.Осмонов көчөсүнүн тургуну Ш.Азизов, Сай-Маала айылынын тургундары Д.Жолдошеванын жана Н.Амракулованын арыздарын кароо жөнүндө»
Богот айылынын тургуну Разак кызы Гулзина Германия мамлекетинде кошумча билимин жогорулатууга кетип жаткандыктан материалдык жардам сурап жазган арызын, А.Осмонов көчөсүнүн тургуну Азизов Шухраттын мал кармоочу сарайы күйүп кеткендиктен акчалай жардам сураган, Сай-Маала айылынын тургундары Жолдошева Дамиранын кызын жүрөгүнөн операция жасатууга акчалай жардам сураган, Амракулова Нуриля 2 топтогу майып ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга акчалай жардам сураган арыздары боюнча угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Богот айылынын тургуну Разак кызы Гулзина, А.Осмонов көчөсүнүн тургуну Ш.Азизов, Сай-Маала айылынын тургундары Д.Жолдошеванын жана Н.Амракулованын арыздары эске алынсын.
2. Богот айылынын тургуну Разак кызы Гулзина Германия мамлекетинде кошумча билимин жогорулатууга кетип жаткандыктан материалдык жардам катары 10 000 (он миң) сом, А.Осмонов көчөсүнүн тургуну Азизов Шухраттын мал кармоочу сарайы күйүп кеткендиктен акчалай жардам катары 10 000 (он миң) сом, Сай-Маала айылынын тургундары Жолдошева Дамиранын кызын жүрөгүнөн операция жасатууга акчалай 10 000 (он миң) сом, Амракулова Нуриланын 2 топтогу майып ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга үчүн 10 000 (он миң) сом Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |