Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 2
Масы айыл аймагындагы үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Масы муниципалдык комбинатынын жетекчиси О.Макамбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин чакырылышынын ХХVII кезектеги ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы муниципалдык комбинатынын башчысы О.Макамбаевдин сунушу эске алынсын.
2. Масы муниципалдык комбинаттын элге кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин.
3. Физикалык жактар үчүн ар бир адам үчүн айына 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө төлөө белгиленип жана анын ичинде 5 (беш) сом таштандыларды жайгаштыруу каралсын.
4. Юридикалык жактар үчүн 1.0 м3 таштанды чыгаруу үчүн 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө төлөө белгиленип жана анын ичинде 34 (отуз төрт) сом таштандыларды жайгаштыруу каралсын.
5. Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына таштандыларды чыгарууда физикалык жактар үчүн субсидия катары аткарылган жумушка карап, ар бир физикалык жак үчүн 25 (жыйырма беш) сом төлөө жагы каралсын.
6. Масы айылдык кенешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 4-токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго тапшырылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |