Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 4
«Масы айыл аймагындагы скважиналар жөнүндө»
Масы айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги скважиналарды тактап, анын көйгөйлөрүн аныктап долбоор даярдоо сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги скважиналарды тактап, анын көйгөйлөрүн аныктап 1 айлык мөөнөттө долбоор даярдоо боюнча сунушун берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырысын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |