Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 5
«Масы айыл өкмөтүндөгү мал жандыктарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акыларынын баасын бекитип берүү жөнүндө»
Масы айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринардык маселелер башкы адиси А.Алимбековдун сунушун жана айылдык кенештин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагында мал жандыктарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акысы бир баш жылкы үчүн-70 сом, бир баш кара мал үчүн-70сом, бир баш кой-эчки үчүн – 20 сом, ит үчүн-100 сом, тоок үчүн -10 сомдон бекитилсин.
2. Бир кара малдан бруцеллез оорусуна кан алуу 30 сом ал эми бир баш кара малга идентификациялык номер (бирка) тагуу 70 сом бекитилсин.
3. Масы айыл өкмөтүндөгү мал жандыктарын ветеринардык талаптарга ылайык белгиленген мөөнөттө эмдөө жана сапаттуу вакциналар менен эмдөө ветеринардык сервистердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин айыл,суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовго тапшырылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |