Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы №
Масы айыл аймагындагы Достук эс алуу багынын ичинде жаштар аллеясын куруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап бүгүнкү күндө айыл аймакка жаштар аллеясын куруу артыкчылыктуу көйгөйдү чечүү максатында Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы аймагындагы Достук эс алуу багынын ичинде жаштар аллеясын куруу көйгөйү артыкчылыктуу деп белгиленсин.
2. Масы аймагындагы Достук эс алуу багынын ичинен жаштар аллеясын куруу боюнча сунуш даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырысын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин жаштар иштери, спорт, маданият, коомдук уюмдар, инвестиция жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |