Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 8
«Мурат-Мурап» Суу пайдалануу ассоциациясынын берген сунушун кароо жөнүндө»
Масы айыл өкмөтүндөгү «Мурат-Мурап» СПАсынын арыктардын жээктеринде мыйзамсыз эгилген дарактарды, иретке келтирүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнө караштуу «Мурат-Мурап» СПАсынын мыйзамсыз арыктардын жээктериндеги эгилген дарактарды иретке келтирүү үчүн дарактарды кыюу боюнча оозеки билдирүүсү эске алынсын.
2. Арыктардын жээктериндеги мыйзамсыз эгилген дарактарды кыйып иретке келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынан уруксат суралсын.
3. Арыктардын жээктерине мыйзамсыз тал-теректерди эгүүнү алдын алуу жана такай көзөмөлгө алуу «Мурат-Мурап» СПАсынын башчысы Манапов Алмазга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын торагасы А.Мамытовго тапшырылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |