Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы № 2
«Кызыл-Туу айылынын тургуну Алиев Камил, Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Аскаралиева Нуриза жана Масы айылынын тургуну Республикалык спорт колледжинин окуучусу Бектур Акматкуловдун арыздарын кароо жөнүндө»
Кызыл-Туу айылынын тургуну К.Алиев 2 топтогу майып дарылануу үчүн материалдык жардам сурап жазган арызын, Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Аскаралиева Нуриза учурда 1-курстун студенти, үй-бүлөсү жакыр үй-бүлө болгондуктан окуу контрагын төлөй албагандыктан акчалай жардам сураган, Акматкулов Бектур учурда республикалык спорт колледжинин студенти, спортто бир топ ийгликтерге жетишкендиктен материалдык колдоо көрсөтүүнү сураган арыздары боюнча угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын тургуну К.Алиевдин, Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Н.Аскаралиеванын жана Б.Акматкуловдун арыздары эске алынсын.
2. Кызыл-Туу айылынын тургуну К.Алиевге дарынууга материалдык жардам катары 10 000 (он миң) сом, Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Аскаралиева Нуризага акчалай жардам катары 10 000 (он миң) сом, Масы айылынын тургун Акматкулов Бектур спортто бир топ ийгиликтерге жетишкендиги үчүн акчалай 5 000 (беш миң) сом, Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |