Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 1
«Масы айылынын тургуну Камалов КубанычбекЫсаковичтин арызын кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчилике алуу менен жана Масы айылдык кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык кенешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу жана Масы айылынын тургуну Камалов Кубанычбектин арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын тургуну Камалов Кубанычбек Ысаковичке Масы айылындагы Ноокен райондук архитектура башкармалыгынын алдындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 2317,8 кв.м жер тилкесин бак тигүү үчүн 7 (жети) жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.
3. Жер тилкесинин ижара келишимин түзүү жана 2317,8 кв.м жер тилкесин бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |