Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 2
«Масы айылынын К.Султанов көчөсүнүн тургуну Ж.Хажибаевдин арызын кароо жөнүндө»
Масы айылынын К.Султанов көчөсүнүн тургуну Хажибаев Жавлонбек жүрөк ооруусу менен ооругандыктан Бишкек шаарында дарыланууга каражатынын жетишсиздигинен материалдык жардам сураган арызы боюнча угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын К.Султанов көчөсүнүн тургуну Ж.Хажибаевдин арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын К.Султанов көчөсүнүн тургуну Хажибаев Жавлонбек жүрөк ооруусу менен ооругандыктан Бишкек шаарында дарыланууга
10 000 (он миң) сом Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |