Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 3
Жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Масы айылынын Амур-Темур көчөсүнүн тургуну А.Омурзаковдун 2020-жылдын 4-мартындагы арызынын талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын Амур-Темур көчөсүнүн тургуну А.Омурзаковдун 2020-жылдын 4-мартындагы арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын Амур-Темур көчөсүндөгү 140 (бир жүз кырк) м2 жер тилкесин А.Омурзаковдун макулдугу менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын
3. Аталган жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча тийиштүү документтерин даярдоо Масы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык Кенешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |