Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 6
Республиканын аймагындагы «коронавирус» эпидемиологиялык илдетин калк арасында жайылтпоо максатында иш чараларга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 01-35/242 жана № 01-35/250-сандуу каттарын талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы токтом кылат:
1.Масы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 01-35/242-сандуу катында көрсөтүлгөн сунушу эске алынсын.
-“Коронавирус” оорусун алдын алуу, санитардык гигиена так сактоо жана эпизоотикага каршы алдын алуу боюнча чаралар көрүлсүн.
-Эл көп топтолуучу жайларда, жылдык, кырк, сүмөлөк жана башка маарекелерди убактылуу токтотуу иштери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-жол каттамдарын, жеке такси, азык түлүк базарлардан башка соода жайларды убактылуу токтотуу боюнча иш жүргүзүү;
-Айыл аймакта унаа жуучу жайларды жана курулуш материалдарын сатуучу жайларды убактылуу токтотуу боюнча иш жүргүзүү;
-Базарларда жана жаныбарлар убактылуу топтолгон башка жайларда (мал базарда) ветеринардык-санитардык абал көзөмөлгө алынсын:
-Мал союлуучу жайларда ошондой эле чийки мал азыктарын даярдоо, сактоо жана кайра иштетүү боюнча ветеринардык көзөмөлдөө иштери күчөтүлсүн;
-Мал чарбачылык жана канаттуулар чарбасын жугуштуу ооруларды коргоочулардан коргоо боюнча чаралар көрүлсүн.
-Антимонополиянын катынын негизинде базардагы азык-түлүктөрдүн баасынын туруктуулугун жана анын сатылышына көзөмөл жүргүзүү;
-Күзөткө туруу боюнча графиктерди түзүү, айыл аймагына коюлган 5 даана блокпостто күзөткө туруучу кызматкердердин автоунаага 5 литрден күйүүчү май жана айыл өкмөтүнө күзөткө туруучу кызматкердин автоунаасына 5 литрден күйүүчү май каралсын.
-Сан эпид көзөмөлдөөө борбору менен коомчулук жайларга антисептирования
боюнча иш алып баруу;
- үн күчөтүүчү аппарат сатып алуу;
- Масы айыл аймагына 7 коюлган блокпостторго турган жарандардын тамак ашы
үчүн (элдик кошундарга) күнүнө ар бир постко финансылык мүмкүнчүлүккө
жана зарылчылыкка жараша 300 (үч жүз) сом бөлүнүп берилсин.
-Ноокен райондук жугуштуу оорууларды кароо бөлүмүндө муздаткычтын жетишсиздигинен убактылуу пайдалануу үчүн 2 даана муздаткыч сатып алуу;
2.Жогорудагыларды камыздоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300 000 ( үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |