Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 8
Масы айылынын Амур-Темур көчөсүндөгү № 697- трансформатордук подстанцияны Ноокен райондук электр тармактар мекемесинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын Амур-Темур көчөсүндөгү № 697- трансформатордук подстанцияны Ноокен райондук электр тармактар мекемесинин балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык Кенешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |