Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 10
Масы Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Масы Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин кайрылуусунун негизинде күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы токтом кылат:
1. Масы айыл аймагына «Коронавирус» оорусун алдын алуу боюнча иш чараларды аткарууда айыл аймактагы Масы Тазалык муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын бир топ жумуштары күчөгөндүктөн Материалдык жардам катары айыл өкмөттүн бюджетинен 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык Кенешинин бюджет комитетине жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |