Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-майы № 1
Масы айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүнаткарган иштерин кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы жарандардын жакырчылык деңгээлин кароо менен бирге алардын жөлөк пул алуусуна көмөктөшүү үчүн Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен макулдашылып аткаруу белгиленсин.
2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин жана жөлөк пул алуучулар боюнча маселесин 2020-жылдын август айында кароо каралсын.
3. Маселени сапатуу жана так аткаруу Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистери А.Максуталиева жана С.Амракуловаларга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Саттаровго тапшырылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |