Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-майы № 3
Ички арыктарды чабуу жөнүндө
Жаз айлары болуп, жамгырдын көп жаагандыктан суу көп келгендиктен, айылдардагы ички арыктарга суунун көп келип арыктарга суу батпай тургундардын эгиндерин суу каптап жаткандыктан болжол менен 2 (эки) км ички арыктарды чабуу маселесин жана Ленин көчөсүндөгү жөө адам басуучу тратуарга убактылуу щебенка төгүү маселесин угуп жана тулкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаз айлары болуп, жамгырдын көп жаагандыктан суу көп келгендиктен, айылдардагы ички арыктарга суунун көп келип арыктарга суу батпай тургундардын эгиндерин суу каптап жаткандыктан болжол менен 2 (эки) км ички арыктарды чабуу үчүн күйүүчү май (солярка) алууга акча каражаты жана Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин JBS үлгүсүндөгү тракторун ички арыктарды казууга көмөк көрсөтүүгө бөлүнүп берилсин.
2. Ленин көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү тратуар жамгырдан улам басууга мүмкүнчүлүк болбой тосколдуктар жаралып жаткандыктан убактылуу щебенка төгүп тегиздөө үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго тапшырылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |