Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-майы № 5
«У.Карабаев көчөсүнүн тургуну Муллажанова Моминахандын арызын кароо жөнүндө»
У.Карабаев көчөсүнүн тургуну М.Муллажанова 2 баласы жана сиңдиси 1 баласы менен турмушунан ажырашып ата-энесинин үйүндө жашашат.Ата-энеси каза болуп калган, жашаган турак-жайынын шыйпырынан суу өтуп жаткандыктан материалдык колдоо көрсөтүүнү сураган арызы боюнча угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. У.Карабаев көчөсүнүн тургуну М.Муллажанованын арызы эске алынсын.
2. У.Карабаев көчөсүнүн тургуну М.Муллажановага жашоо шартынын оордугун эске алып, материалдык жардам катары 5 000 (беш миң) сом, Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |