Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-майы № 6
«Москва» үрөөнчүлүк кооперативинин кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Москва» үрөөнчүлүк кооперативинин башчысы А.Мамытовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. «Москва» үрөөнчүлүк кооперативине Масы айыл өкмөтү тарабынан кайра бөлүштүрүү фондунун жер тилкесинен № 601, № 603, № 614 контурлардан берилген жалпы 20 (жыйырма) гектар жер тилкеси 10 (он) жылдык мөөнөткө узартылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевге тапшрылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |