Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 1
«Масы айыл аймагындагы мамлекеттик медициналык мекемелерге медицинакалык жабдууларды, препараттарды, дары-дармектерди, өздүк коргоочу каражаттарды, сатып алуу боюнча долбоордук сунушун кароо жөнүндө»
Ноокен аймактык ооруканасынын директору А.Досумбетованын 2020-жылдын 07-июлундагы № 298 сандуу катын жана Ноокен районунун саламаттыкты сактоо координатору П.Курманкуловдун 2020-жылдын 09-июлундагы №01-20/195 сандуу катын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы мамлекеттик медициналык мекемелерге медицинакалык жабдууларды, препараттарды, дары-дармектерди, өздүк коргоочу каражаттарды, сатып алуу боюнча Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна берилүүчү долбоор артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Масы айыл аймагындагы мамлекеттик медициналык мекемелерге медицинакалык жабдууларды, препараттарды, дары-дармектерди, өздүк коргоочу каражаттарды, сатып алуу боюнча долбоордук сунуштун каржылануучу тийиштүү чыгымдары Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |