Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 8
«Масы айылынын тургундары А.Эшбаеванын жана Э.Калмурзаеванын арызын кароо жөнүндө»
Масы айылынын тургуну А.Эшбаева кызы Самидинова Динара Кытай Республикасында магистратурада окуп жүргөн ушул жылдын февраль айынан бери COVID-19 пандемиясы чыккандыктан окуулары токтоп жашаган жеринен чыга албай беш айдан бери карантинде болгондугуна байланыштуу материалдык колдоо көрсөтүүнү сураган арызын жана Масы айылынын тургуну Э.Калмурзаева кыздарыр Абдуллаева Алия, Абдуллаева Нурия талма оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу дарылануу үчүн материалдык колдоо көрсөтүүнү сураган арызын боюнча угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын тургундары А.Эшбаеванын жана Э.Калмурзаеванын арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын тургундары А.Эшбаева кызы Самидинова Динара Кытай Республикасында магистратурада окуп жүргөндүгүн жана жашоо шартынын оордугун эске алып, материалдык жардам катары 10 000 (он миң) сом, Масы айылынын тургуну Э.Калмурзаева кыздарыр Абдуллаева Алия, Абдуллаева Нурия талма оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу дарылануу материалдык жардам катары 10 000 (он миң) сом бөлүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүн ФЭБ башчысы К.Калматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |