Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 10
Таза суу менен камсыздоо жөнүндө
Масы айылынын тургундарынын Масы айылынын Достук эс алуу багында жайгашкан скважинага кошумча 25 тонналык суу сактагыч (цистерна) орнотуп берүү боюнча түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын тургундарынын арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын Амир-Темур көчөсүндө жайгашкан 25 тонналык суу сактагычты (цистерна) Масы айылынын Достук эс алуу багында жайгашкан скважинага орнотуп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевке жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |