Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 11
Масы айыл аймагындагы көчөлөргө шагыл төшөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылындагы ички автоунаа жолдорун тегиздеп шагыл төшөө максатында токтом кылат:
1.Масы айылындагы ички жолдорду тегиздеп шагыл төшөө үчүн Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жана аткарылган иштерди көзөмөлдөөнү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевке жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |