Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 13
«Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү жана 2-жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө”
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2-жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2- жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2- жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевге тапшырылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |