Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 14
МТФ участкасынын жашоочуларына шарт түзүү үчүн таштанды таштоочу кутуча орнотуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын МТФ участкасынын жашоочуларына шарт түзүү максатында таштанды таштоочу кутуча орнотуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты Масы Тазалык ишканасына бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жана аткарылган иштерди көзөмөлдөө жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевке жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |