Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 15
МТФ участкасынына балдар аянтчасын куруу үчүн жер сатып алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын МТФ участкасынын тургундары Э.Тайлаковдун жана Омурбаевдин арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын МТФ участкасынын балдар аянтчасын куруу үчүн 900 м2 жер аянтын сатып алууга 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жана сатуу сатып алуу келишимин түзүп иш кагаздарын даярдоо жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун ишке ашырылышы 15.02.2021 жылга чейин аткарууга алынсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |