Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 16
МТФ участкасында балдар аянтчасын куруу боюнча Масы айыл өкмөтү менен жетишилген келишимдин негизинде жер тилкесин берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Масы айыл аймагында МТФ участкасында жайгашкан, Мамараимов Маматкаримге таандык болгон 900 м2 жер тилкесин МТФ участкасынын тургундарынын балдары ойноочу аянтча куруу үчүн аталган жер тилкесин тургундары суранган, Масы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты каралып, өз ара келишимдин негизинде кошумча Масы айыл аймагынан трансформацияга берилип жаткан жерден, толугу менен жер трансформациядан өткөндөн кийин Мамараимов Маматкаримге 600 м2 жер тилкеси бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтарамын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |