Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 17
Комиссия курамына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.06.2005-жылдын №177-токтому менен бекитилген Жеке менчик турак жай үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 10-пунктуна ылайык Масы айыл аймагындагы жарандардын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча арыздарды кароо максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Масы айыл аймагындагы жарандардын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча арыздарды кароо комиссиясынын курамына төмөндөгү айылдык кеңештин депутаттары сунушталсын.
- С.Оморалиев-айылдык кеңештин депутаты.
- Т.Калимбетов –айылдык кенештин депутаты.
- А.Курбаналиев –айылдык кеңештин депутаты.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтарамын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |