Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 3-2
Айылдык аймагынын ФЭБнин башчысы Р.Дуулатовдун айыл аймагынын 2017-жылга бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше, чыгаша бөлүгү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймагынын 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 11439,8 (он бир миллион төрт жүз отуз тогузмин сегиз жүз) сом, чыгаша бөлүгү 11439,8(он бир миллион төрт жүз отуз тогузмин сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айылдык аймагынын 2017-жылга атайын төлөм каражатынын киреше бөлүгү 1650,0 (бир миллион алты жүз элүү мин) сом, чыгаша бөлүгү 1650,0 (бир миллион алты жүз элүү мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |