Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 4-1
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагынын жооптуу катчысы К.Аракеевдин билдирүүсү угуп талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына макулдук берилсин жана Ала-Бука шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |