Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-марты № 5-3
Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын 2017-жылдын 17-мартындагы № 11/1-6-367-17 сан менен чыгышталган каршылык билдирүүсүн талкулоо жөнүндө
Айылдык кенештин төрагасы С.Акназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов айылдык кенешинин 2016-жылдын 17-декабрындагы кезексиз ХХII сессиясында Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн Кашкалак айылына жаштар үчүн спорттук машыгуучу жай, кыз келиндер үчүн тигүү цехи ачуу максатында муниципалдык менчикке имарат сатып алуу долбооруна жергиликтүү бюджеттен 30 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кабыл алынган № 22 сандуу токтомун Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинин 2-б. талааптарын бузуу менен кабыл алынгандыктан, Т.Балтагулов айылдык кенешинин 17.12.2016-жылдагы № 22 сандуу токтомун жокко чыгаруу жана мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндөгү Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 2017-жылдын 17-мартындагы № 11/1-6-368-17 сандуу каршылык билдирүүсү канаттандырылсын.
2. Т.Балтагулов айылдык кенешинин 17.12.2016-жылдагы № 22 сандуу токтому жокко чыгарылып күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Парпиевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |